Манасчы Дөөлөт Сыдыков той өткөрүп, жакындарынан бата алды

Манасчы Дөөлөт Сыдыков кечээ, 31-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде той өткөрүп, жакындарынан бата алды.

Манасчынын жубайы Ырыс Окенованын айтымында, тойдо Дөөлөт Сыдыковдун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артист наамын алганы да белгиленген. Жакшылыкта алып баруучулук милдет Нурдөөлөт Копоев менен Талант Карагуловго жүктөлгөн. Тойго балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да барды. Эң маанилүүсү аянтта 14 саат 27 мүнөт тынбай, узак сааттарга айткан Манастын бир бөлүгү китеп болуп чыккан. Дал ошол китеп автордун кол тамгасы менен ар бир конокко белекке берилген. «Апа, китепти эң алгач сизге берем» деп, сахнадан кайненеме берди», — деди Окенова.