Манасчы Дөөлөт Сыдыков түрк университетинде кыргыз маданиятын таанытууда

Учурда Түркиянын Стамбул шаарында жүргөн манасчы Дөөлөт Сыдыков кыргыз маданиятынын алып жүрүүчүсү, манасчы катары жогорку окуу жайдын студенттери менен жолугушууга чакырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине манасчынын жубайы режиссёр Ырыс Окенова билдирди.

«Стамбулдагы Айдин университетинде четтен келип окуган студенттер үчүн ар бир өлкөнүн маданиятын таанытуу иш-чаралары уюштурулуп турат экен. Дөөлөттүн Стамбулда экендигин угуп, университеттин окутуучулары аталган иш-чарага чакырышты. Учурда студент, мугалимдер менен жолугушуу болууда», — дейт режиссёр айым.