“Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков Түркиянын Стамбул шаарына коюлган Манастын айкелинин жанына сүрөткө түшүп, «Манаста чындык бар» деген билдирүү калтырды.
«Манаста чындык бар! Манас кыргыздын байыркысы, азыркысы, келечеги. Манас ата кыргызды сактаган, кыргыз баласы Манасты даңктаганга милдеттүү. Манасым — дастаным, чексиз асманым! Акыйкат, чындык үчүн кайсы мезгил болбосун туу түбүндө тура алган, каршылашкан душманга айкырып найза суналган арбагы тирүү асылым. Төбөмдөгү пиримсиң, колдоп турган шеримсиң. Ааламды аралап атың даңктала берсин. Манас! Манас! Манас!»- деген Сыдыков.
Эске салсак, буга чейин май айынын башында опузалоо күч алганын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.