Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстандагы айтуучулар фестивалында 1-орун алды (видео)

Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстандагы айтуучулар фестивалында 1-орун алды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына өзү жазды.

«Өзбекстандын Гүлистан шаары. 50 мамлекет катышкан айтуучулар фестивалы өттү. Жергиликтүү эл айтуучуларды бакшы деп атайт экен. Андыктан туура эмес кабыл албагыла. 1-орун. Куттуктай берсеңер болот»,- деп жазды ал.