Манасчы Рысбай Исаков өзүнө берилген 2 бөлмөлүү батирди жаш манасчыга белек кылды

Социалдык тармактын колдонуучулары манасчы Рысбай Исаковго кайрымдуулук фонду берген эки бөлмөлүү үйдүн сертификатын жаш манасчы Нурбек Талантбековго белек кылганын жазышууда.

Манасчы бул маалыматты ырастап, соцтармактагы баракчасына төмөндөгүлөрдү жазды.

«Мага энчиленген батирди Нурбек Талантбековго байманам ташып аткандыгынан эмес, өнөр өз убагында баалансын деп белек кылдым. Анын келечегине зор үмүт арткандыктан, учугубузду улап кетет деп ишенгендиктен белек кылдым. Дүнүйөкор болбойлу, байлык өмүрдүн өзөгү эмес дегим келди. Башкаларга да өрнөк болсун дедим. Биздин шакирттер биздей болуп тиричиликтин сазынан чыга албай калып, өнөрүн өксүтүп албасын дедим. Башка саясат жок. Колдоо көрсөткөн бардык агайын журтка ыраазычылык билдирем. Бар болуңуздар!» — деп жазды ал.