Манасчы Рысбай Исаковго “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы ыйгарылды

Гиннесстин рекордсмени, белгилүү манасчы Рысбай Исаковго “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу «Манас» театрынан билдиришти.

Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте «Манас» театрынын имаратынын ачылышы болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты.