«Манасчылар, силерге Гиннесстин китебинде эмне бар?». Күмөндөр Абылов Рыспай Исаковду сынга алды

«Манасчылар, силерге Гиннесстин китебинде эмне бар?». Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов манасчы Рыспай Исаковду сынга алды. Ал бул боюнча жалпы журтчулуктун талкуусуна коюп, тийиштүү тыянак чыгаруубуз керектигин айтат.

«Фейсбукта Рыспайдын Көчмөндөр оюндарына барып, Манас айтканын кеп кылып, чуулдап жаткандарын чала-була көрүп, кулагым чалып, «дагы эмне ызы-чууну башташты?» деп, дааналап көргөндөн заарканып, көрбөй койдум элем. Баары бир чыдай алган жокмун. Көрдүм. Көрүп алып ушунчалык ызаланып олтурам!

Эгер атайылап «ушундай айтасың» деп, режиссердун даярдаганы болсо, анда бул — бүтүндөй кыргыз элин, Манасты маскаралагандык жана мамлекетибизге болгон чыккынчылык! Манас жөнүндө «Манастын уулу Семетей» деген Жалил Садыковдун драмасын өтө одоно бурмалап, көркөм тасма тарткандар да, ыйык туткан Манасыбызга шек келтиришти эле. Бул көрүнүштөр мамлекетибизге, элибизге атайын жасалган терс аракеттерби же, кокустукпу? Эмнеге ошол кино менен Рыспайдын манас айтуусу үндөшүп атат? Ошол режиссерлордун элде, Манаста же кыргызда эмне өчү бар? Же, болгон дараметтери ошолбу? Анда эмнеге программаны башка, кесипкөй режиссерлор даярдабайт, мындай эл аралык, маанилүү иш чаранын маданий бөлүгүн?

Ал эми Рыспайга келсек, өңгөдөн күтсөм да, мындайды «манасчы» деген ыйык өнөрдүн ээси болгон Рыспайдан күткөн жок элем! Чарчап калды дейин десем, ошончо чарчап, чылгоосу чубалып, асты сууланганча аны бирөө кыйнадыбы? Деги эле, манасчылар! Силерге Гиннесстин китебинде эмне бар? Силер Гиннесстин китебинен да чоң, «Манас ааламында» жүрөсүңөр го? Же, силер үчүн Гиннесске кирүү, манас айтуудан да жогорубу? Манас айтуу өнөрү Гиннесске кирүүчү курал эмес да?..» — деп жазылат билдирүүдө.