Марат Жантелиев тартылган акыркы тасма жарыкка чыгат. «Тасма Бопуштун жаркын элесине арналат» дейт режиссёр

Режиссёр Ырыс Жоомартованын кезектеги фильми жарык көрүү алдында турат. “Чоң атамдын жоруктары” аталышындагы тасма 14-январдан тартып бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Режиссёрдун айтымында, бул тасма – маркум актёр Марат Жантелиев катышкан акыркы фильм.

“Тасманын жарымынан көбү Түркияда тартылган. Бул кинобуз Бопуш (ред. Марат Жантелиев) тартылган акыркы фильм болуп калгандыктан, тасманы анын жаркын элесине арнадык. Тилекке каршы, үн коштогонго жетишкен жок. Ошондой эле пандемиядан улам, кинобузга тартылган дагы эки адам кайтыш болуп кетти. Буга байланыштуу фильмдин бет ачарын өткөрбөй эле коюуну туура көрдүк”, — дейт ал.