«Масштабдуу сынакка катышмакпыз». Бийчи Атай Өмүрзаков ТИМге нааразычылыгын билдирди

Бийчи Атай Өмүрзаков Тышкы иштер министрлигине нааразычылыгын жазып чыкты.

«Мен биринчи жолу виза боюнча ТИМге кайрылып, өкүнүп калдым. Алтындай убактымды кетиргеним аз келгенсип, «дайыма ушундай маселе менен кайрыласыңар» деген сөз уктук. Ким АКШга виза боюнча жардам бере алат? Масштабдуу сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү кылдын учунда турат», — деди ал.