Мээрим Төлөпберген Мирбек Атабеков сатып берген үйүнүн ичин көрсөттү

Блогер Мээрим Төлөпберген социалдык тармактагы баракчасына үйлүү болгон кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн.

Эми биздин өзүбүздүн үйүбүз бар. Жашоодогу кырдаалдарга, кыйынчылыктарга, жакшылыктарга, эки адамдын эки башка жол тандап кеткенине карабастан Мирбектин берешендигине ыраазычылык билдирем. Жаңы жыл сонун белек менен башталды. Бүгүн балдарды үйгө алып бардым. Эми алар өз бөлмөлөрүнө түс тандап жатышат. А мен болсо ашканамдын кандай болорун элестетип жатам”, — деп жазган ал.

Ал ошондой эле үй алуу планында бар болгонун, 31 жашында 3 баласы менен үйү болбогонуна кээде уялганын жазды. “Бул эки тарапка тең оңой жол болгон жок. Бирок 10 жыл чогуу жашап, ортобуздагы 3 балабыз үчүн бир чечимге келише алганыбыз үчүн кубанычтамын”, — деген.

Ал социалдык тармактагы баракчасына үйүнүн ичи тартылган видео менен бөлүштү. Андагы маалыматтарга караганда, учурда үйдө ремонт иштери жүрүп жатат.