Чолпон-Атада “Мейкин Азия” эл аралык фестивалы болуп өттү. Кечээ, 20-августта фестивалдын жыйынтыктоочу гала-концерти өтүп, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
“Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүлөрү:
Баш байге — Айна Калмаганбетова (Казакстан);
1-орун: Руслан Асанкан (Кыргызстан) жана Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр);
2-орун: Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония);
3- орун: Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан).
Ал эми фестивалдын атайын сыйлыгын Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды.
Биринчи орунду багындырган жеңүүчүлөргө 3 миң доллар, атайын статуэтка, диплом, экинчи орунга 2 миң доллар, 3-орунду алгандарга 1 миң доллар жана дипломдор менен сыйланышты.