Кечээ, 18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына маданият министри Алтынбек Максутов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ильязбек Иманбетов, «Түрксой» эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев катышты. Максутов фестивалдын уникалдуулугу, калк арасында достукту чыңдоо максаттарынан улам жогорку кадыр-баркка ээ болгонун белгилеп, көптөгөн жаш таланттарга өзүнүн чоң чыгармачылык жолун, дүйнөлүк атак-даңкка жетүү жолун баштоого мүмкүнчүлүк бергендигине токтолду. Анын жаркын мисалы катары, 2013-жылы биринчи фестивалда казак ырчысы Димаш Кудайберген баш байгени утуп, фестиваль ага алгачкы популярдуулукту алып келгенин баса белгиледи. Андан соң, Димаш Кудайбергендин видео кайрылуусу келген меймандарга жана катышуучуларга сунушталды.