«Мекендештердин жан дүйнө кыйкырыгын, күлкүсүн, азабын камтыйт». Москвада «Менин атым мигрант» аттуу тасма тартылууда

Москвада «Менин атым мигрант» аттуу тасма тартылууда. Бул тууралуу мурдагы депутат Орозайым Нарматова соцтармактагы баракчасына жазды.

«Биздин убактылуу жашап, иштеп, окуп жүргөн мекендештердин жан дүйнө кыйкырыгы, арманы, күлкүсү, азабы, жыргалы, бактысы жана кайгысын камтыган, «жүрөктөн жүрөккө жете турган фильм болсун» деп үмүт кылып жатабыз», — деди ал.

Маалыматка караганда, тасманын продюсери Эмил Жайчиев, режиссеру Ырыс Окенова. Башкы каармандардын бири Темирлан Сманбеков.