Айпери Кубик кызы, Каныкей, Малика Дина, Алтынай Нарбаева… Кайсы атактуулар балдарын 1-класска ээрчитип барышты?

Кечээ, 1-сентябрда Кыргызстанда Билим күнү белгиленди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кайсы атактуунун баласы мектеп босогосун аттаганын чогултуп чыкты.

Ырчы Каныкейдин уулу мектеп босогосун аттады. «1-класс бизге эшигин ачты. Айнанып кетейин балам, биз сени менен сыймыктанабыз! Мына минтип атакең экөөбүз сүйүнүп, батына албай турабыз! Жолуң шыдыр болсун. Кудайым жакшылыктан айрыбасын. Ушул жаркыраган күндү Кудайым кут кылсын!» — деп жазды ал.

Ырчы Малика Динанын кызы Айгүн дагы 1-класска барды.

Мектеп босогосун аттагандардын арасында ырчы Алтынай Нарбаеванын дагы кызы бар. «Биринчи окуу күнүңүздөр менен! Менин да жүрөгүм тарсылдап, кызым менен мектепке бардык. Кызым да толкунданып жатты», — деди ал.

Ырчы Айнура Салахидинованын экинчи уулу Бекхан да мектеп босогосун аттады. Ал Креатив-Таалим мектебинде билим алат. Инисин агасы мектепте комуз менен күү чертип куттуктаган.

Ырчы Айпери Кубик кызы уулу Даян 1-класска барганын жазып, ага ийгилик каалады. «Даян балам 1-класска барды шүгүр. Убакыт өтө берет экен. Балдар чоңоё берет экен. Даян, кадамың байсалдуу болсун», — деди ал.

Тамашоучу Кубаныч Курманбековдун уулу Жамил да 1-класска барды. «Биз үчүн абдан маанилүү күн болду. Балам, сени мектепке барышың менен куттуктайм. Сенин көптөгөн ийгиликтерге жетишиңе ишенем», — деп жазды Жамилдин апасы.

Тамашоучу Актан Рыскелдиевдин уулу Жантай да окуучу аталып, мектеп босогосун аттады.

Тамашоучу, шоумен Санжар Мыкыевдин кызы Фатима да окуучу аталды.

Ошондой эле ырчы KG Элмураттын уулу Рамзан да мектеп босогосун аттады.