Мектепти 20 жыл мурда аяктаган атактуулар

Бүгүн, 25-май өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо үнү жаңырды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 20 жыл мурун дал ушул күнү мектепти аяктаган атактууларды топтоду.

Ырчы Аскат Мусабеков 20 жылдыгын белгиледи. Ал классташтары менен жолугуу үчүн №69 гимназияга барганын соцтармактагы баракчасында бөлүштү. Ага ылайык, ал өзү бүтүргөн мектепте окуучуларга чыгарма тартуулаган.

Ырчы Султан Садыралиев дагы 20 жылдыгын белгилеп жаткандардын арасында бар. «Буйруса, 20 жылдык майрамды баштадык» деген ырчы мырза сүрөт жүктөдү. Ал майрамды Талас облусундагы Көк-Ой айылында белгилеп жатат.

Султан Садыралиевдин классташы, ырчы мырза Кайрат Примбердиевдин мектепти бүткөнүнө 20 жыл болду. «20 жылдык майрамыбыз кут болсун 85тер!» деп жазды ал.

20 жылдыгын белгилеп жаткандардын арасында ырчы Дайыр Исмадияров да бар. Ал өзү аяктаган мектепке барып, классташтары менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

Кыл кыякчы Залина Касымова да 20 жылдыгын белгилөө үчүн мектебине барды.