«Мен эне болдум!» Ырчы Гүлзаир Сагынова көз жарды

Ырчы Гүлзаир Сагынова эне статусуна ээ болду. Кубанычтуу жаңылыгы тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Бир жума мурун менин дүйнөм толугу менен өзгөрдү. Мен эне болдум! Кандай сезимдер болуп жатканын сөз менен айтып бере албайм, аны баштан өткөрүү керек», — дейт ырчы айым.

«Ордо Сахна» тобунун мурунку ырчысы, «Кайра келчи, каркырам», «Ак таң», «Өмүр» аттуу ырларды аткарган ырчы 2018-жылы турмушка чыккан.