«Менден кетсе кечирип кой». 13 жылдан соң көрүшкөн өгөй атасы Гүлнур Асановадан кечирим сурады

Ырчы Гүлнур Асанова өгөй атасы, “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларынын режиссёру Темираалы Маймашев менен 13 жылдан кийин жолукту.

Режиссёр ырчы айымга жолугары менен «Сени келет деп күткөм. Көп жыл болду, келгениңе Кудайга шүгүр. Мен сени эч нерсеге күнөөлөбөйм. Эгер жаман сөз айтсам, менден кеткен болсо кечирип кой» деп кечирим сурап, көзүнө жаш алды.