«Мени чолок шымсыз калтырышты». Филипп Киркоров Казакстанда сахнага эмне үчүн колготкичен чыкканын айтты

Социалдык тармактын колдонуучулары орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун Алматыдагы концертинде тартылган видеону талкууга алышкан. Концерт Алматы жана Астана шаарларында болгон. Казак ЖМКлары жазгандай, ал эки концертке тең сахнага колготки сымал кийим менен чыккан. Бирок ага ырчы түшүндүрө бере элек болчу.

Ал кечээ социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окуя боюнча үн катты. «Мени «В саду Эдемовом» ырында жарым жылаңач калтырышты. Дал ошол маалда залга чыгышым керек болчу. Ошентип, алар мени, күйөрмандардын алдына чыгарып коюшту. Бул жолу алар «Жылаңач падыша» кылгылары келди окшойт, мен залга чыгар алдында, чолок шымсыз калтырып коюшту”, — деп жазды ал.

Филипп Киркоров Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда концертин берген. Концертке барган күйөрмандар ырчыны 3 түрдүү кийим менен көрүшкөн. Анын экөөсүндө көк жана кара түстөгү футболка менен чыккан. Ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында анын концерттик кийимдери бажы маселелесине байланыштуу спорт ордосуна жетпей калганын айткан.