«Мени түбөлүккө таштап кетти». Ырчы Бактыгүл Бадыеванын атасы көз жумду

Ырчы Бактыгүл Бадыеванын атасы көз жумду. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн аска-зоомду жоготтум. Атам мени түбөлүккө таштап кетти.  Алайга бара жатып ичимдеги нерсени жазгым келди. Ар бир адам үчүн ата-эне бул — бүт аалам. Атам менен апам мен кичинекей кезимде ажырашып кетишкен. Атам жок чоңойдум, бирок 30 жылдан кийин атамды таап, катташып, таарынычтарымды чексиз, аппак сүйүүгө айланта алдым. Атамдын ички дүйнөсү ушунчалык бай эле.

Бадыев Токтосун Бадыевичтин кызы болуп төрөлгөнүмө чексиз сыймыктанам. Ата, кош бол. Жараткан Кудай сизге бейиштин төрүнөн орун берсин», — деп жазды ырчы айым.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бадыеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.