«Менин атым Мигрант» тасмасы Кыргызстанда жана Орусияда көрсөтүлө баштайт (видео)

27-ноябрдан баштап «Менин атым Мигрант» тасмасы Кыргызстанда жана Орусиянын шаарларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын режиссеру Ырыс Окенова билдирди.

«Тасманын продюсери Эмил Жайчиевдин демилгеси менен тасма Москва шаарында тартылды. Мыкты актёрдук курамдын чебердигин жана чыгармачыл топтун эмгегин көрүп баа бериңиздер. Фильмди тартууга тиешеси бар жана иштеген ар бир адамга ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.