«Менин каалаганымды кыласың…» Гүлназ Чыныбек кызы демөөрчү темасында сырларын ачты (видео)

Кыргыз эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы SuperTV телеканалынын «Менин дүйнөм» берүүсүнө маек курду. Маек учурунда ал демөөрчү болом деп ар кандай максатты көздөгөн эркектерди көргөнүн айтат.

«Ырдап баштаганда ар кандай максатта колдоо көрсөткүсү келгендер болот экен. Жакшы максатта, чын дилинен жардам бергендер да болду. Ошол эле учурда «менин каалаганымды кылсаң, сеникин да аткарам. Акча менен баарын чечсе болот» деген түшүнүктөгү «наглыйлары» да бар экен. Алгач «мен ушундай жеңил ойлуу көрүнөмүнбү?» деп өзүмө да таарынып жүрдүм. Кийинчерээк ар кимдин өзүнө жараша жооп бергенди үйрөндүм», — дейт Гүлназ Чыныбек кызы.