Түрк актрисасы Мерьем Узерли: «Кыргызстанга кайра келүүнү, анда узак убакытка жүрүп кетүүнү пландайм»

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте түрк актрисасы Мерьем Узерлинин катышуусунда Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоордун бет ачары өтүп жатат. Маалымат жыйында актриса Кыргызстанга узак убакытка дагы бир жолу келип кетерин айтты.

«Баарыңарга кутман таң. Чакырууңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул убакыт мен үчүн эрте, себеби, убакытты салыштыра келгенде, Германияда азыр жаңы эле таң атты. Буга карабастан, силерди көрүп уйкум ачылды. 2019-жылы Дүйнөлүк Азия кинофестивалында калыс болууга мүмкүнчүлүк алгам. Ошондон тарта аталган фестивалдын уюштуруучулары менен иштеп келем. Жакында эле фестивалдын жаңы долбоорунун амбассадору болууга сунуш түшкөндө, чын жүрөгүмдөн макул болдум. Мен бул фестивалдын биринчи күнүнөн бери чогуу жүргөнүмө абдан кубанычтамын. Баарыңыздарды 2022-жылы Стамбулда көрсөм кубанычта болом», — деди ал.

Ал мындан тышкары, Кыргызстанда көпкө жүрө албастыгын айтты. «Иш графигимден улам Кыргызстанда көпкө жүрө албайм. Мен Кыргызстанга кайра келүүнү пландайм. Кыргызстандын башка шаарларын, кооз жаратылышын көргүм келет. Кийинки келгенде, күйөрмандарым менен жолугуп, көп убакыт жүргүм келет», — деди актриса.