Met Gala: Ким Кардашьян 50 миңдей бермет менен кооздолгон көйнөк кийип барды

Америкалык реалити-шоу берүүлөрдүн жылдызы, актриса, фотомодель жана ишкер Ким Кардашьян Met Gala мода көргөзмөсүндө 50 миңдей бермет менен кооздолгон көйнөк кийип барды. Көйнөк Schiaparelli мода үйү тарабынан тигилип, анын даярдыгына 1000 сааттан ашуун убакыт кеткен.

Ким Кардашьян өзү бул көйнөктү кийип чыгууда 2007-жылы Playboy үчүн тартылган фотосессиядан эргүү алганын билдирген. «Chanel’дин бермети культка айланган. Мен ушуну гана такай ойлонуп жаттым. Ошондуктан да, берметке чөмүлгүм келди. Айрымдары басып баратып көйнөктөн түшүп калды. Анын баары чыныгы бермет болгону үчүн кызыма тердирттим», — деди ал.