Миңдеген бийчилерди чыгарган Айнура Кыдыралиева сыйланды

«Береке» бий ансамблинин жетекчиси Айнура Кыдыралиева Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Алкышка» татыды.

Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине күтүлбөгөн жагымдуу белек болгонун айтты. «Береке» бий ансамбли 2007-жылы негизделген. Ошондон бери мамлекеттик иш-чаралардан баштап, кыргыз эстрадасынын жылдыздары менен тыгыз иштешип келебиз. Азыркы күнгө чейин миңден ашуун бийчилерди чыгарууга жетиштим. Мен койгон бийлер Кыргызстанда хит болуп, кыргыз бийлерин бийлеген адамдар дүйнө жүзүнө чыгып жатат», — дейт кубанган Айнура айым.