Министр Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө, качан өтөрүн айтты

«IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Иш-чараны өткөрүүнүн мөөнөтү пандемияга байланыштуу кийинки жылга белгиленди. Ага ылайык, Кыргызстан атайын маданий программаны даярдайт. Анда «Көчмөндөр ааламы» этнофестиваль уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев. Ал бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарында жетишилген келишимдер боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Ал расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимге кол коюлганын баса белгиледи. Аталган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда Маданият жана искусство күндөрү өткөрүү пландаштырылууда. Ошондой эле, театрлардын гастролдору, кино күндөрү, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүн уюштуруу, маданият кызматкерлерин окутуу жана тажрыйба алмашуу иш-чаралары камтылат. Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кыргыз-түрк маданий борборлору ачыларын маалымдады.

«Түркияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, ал эми Кыргызстанда түрк дүйнөсүнүн даанышман, ойчул акыны Юнус Эмренин маданий борборлору ачылат. Түркия мамлекети менен маданий байланыштарыбыз терең. Биздин башатыбызды жалпы түрк элдерине жана түрк тилдүү мамлекеттерге тийиштүү орток мурастарыбыз бириктирип турат. Ошондуктан маданий борборлорду ачуунун максаты — эки элдин адабиятын таанытуу жана ал аркылуу коомду тарбиялоого, руханий азык тартуулоого түрткү берүү болуп саналат», — деди ал.

Ал белгилегендей, кол коюлган келишимдерде улуттук спорттук оюндар боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө маани берилди. «Көк-бөрү» улуттук оюнуна Түркияда кызыгуучулар абдан көп. Кыргыз-түрк «Манас» университетинде «Көк-бөрү» боюнча спорттук аянтча жасалып, ойнолуп жатат. Бул иш-чаралар түзүлгөн келишимди ишке ашырууга түрткү берет» — деди ал.