Министр: «Тарых музейи жаңы жылга чейин ачылат»

Тарых музейи 2022-жылдын январына чейин ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ноябрда Кыргызстанга Германиядан адистер келсе, декабрь айында музей ачылат.

«Белгилүү болгондой, немис компаниясынын карызы жабылды. Биз алардын адистерин ноябрь айында мультимедиялык системаны ишке киргизүүнү күтүп жатабыз. Ошондо музей жаңы жылдын алдында ачылат», — деди министр.