«Министрдин кызынын махабатынан» кийин баары мени жаман көрүп, өзүмө болгон ишеничим жоголгон» дейт Азимбаева

SUPERTV’да конокто актриса Роза Азимбаева. Актриса менен бул интервьюда сүйүү, жалгыздык, бакыт тууралуу сүйлөштүк. «Ичимде жаракатым бар. Ата мээримин көрбөй чоңойдум» деген анын маегин сунуштайбыз.

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасынан кийин баары мени жаман көргөндө өзүмө болгон ишеничим жоголуп кеткен. «Элдин баары ушинтип айтып жатат, мен ушундаймынбы?» деп калгам. Мен ошондуктан элден качып калгам. Эгер ошол убакта мени колдогон адам болгондо, мен андан ары көтөрүлүп, максатыма жетмекмин. Анан көп жылдан кийин өзүмдү изилдеп баштадым. Ал убакта мен өзүмдү таанычу эмесмин«, — деди ал.