Министрлик: «Дежавю» спектаклинин мазмуну кайра иштелип чыккан соң көрүүчүлөргө тартууланат»

Кечээ, 20-майда Алишер Ниязовдун “Кыялдар орундалат” пьесасынын негизинде сахналаштырылган “Дежавю” спектаклин Кыргызстанда коюуга тыюу салынганы маалым болгон.

«Мамлекеттик комиссияга дээрлик бардыгы – «президенттик кызматты сыйлабоо», «кыйшык буттар» каармандын образы, кыздын образы, олигархтын ойношу жаккан жок»,- деп жазган эле спектаклдин автору.

Маданият министрлиги бул окуя боюнча үн катып, төмөндөгүлөрдү билдирди. «Театр искусствосу багытындагы укуктук нормаларга ылайык, жаңы коюлган спектакль элге тартуулануунун алдында бир канча процедурадан өтүш керек. Буга ылайык, спектакль 19-майда пьесанын автору Алексей Торктун катышуусунда министрликтин алдындагы Көркөм эксперттик комиссиянын көрүүсүнө коюлду. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулманбетов баштаган комиссия, театр сынчылары, театр жетекчилиги, койгон режиссер жана башка театр тармагындагы адистер катышты. Комиссиянын жобосунда мыйзамга ылайык, спектаклде жаш муундарга, көрүүчүлөргө терс таасир тийгизе турган жана улуттун аброюна шек келтирген, согушту, улут аралык араздашууну, порнографияны, зордук-зомбулукту пропагандалаган чыгармалардын таркалуусуна жол берилбеши керектиги көрсөтүлгөн. Комиссия спекталдин идеясынын бүтүндүгү, ролдордун сапаттуу аткарылышы аркылуу образдын толук ачылышы сыяктуу талаптар менен катар мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптардын бузулбашына анализ аркылуу баа берет. Мындан улам, комиссия спектаклди карап чыгып, спектакль коюуга чыгыш керектигин, бирок формасы, мазмуну жагынан сынчылар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштардын негизинде аягына чейин иштеп чыгуу сунушталды. Спекталь комиссиянын кароосунан кайрадан өткөндөн кийин көрүүчүлөргө тартууланат. Кабыл алына элек спектаклди репертуарга койгон театр жетекчилигинин жана коомдук талкууга алып чыгып, ар түрдүү пикир жараткан кызматкердин иш-аракети мыйзам чегинде каралат», — деп айтылат маалыматта.