Миңжашар Мурзаев «Ну-ка, все вместе!» шоусунда жарым финалга чыкты

Кыргызстандык Миңжашар Мурзаев орусиялык «Ну-ка, все вместе!» музыкалык шоусунда жарым финалга чыкты.

Ал «Kiss»чыгармасын ырдады. Жогорку баскычка чыгарына болгону 2 добуш жетпей калды. Анткен менен азыркы жыйынтыгы Мурзаевге кийинки турга катышууга мүмкүнчүлүк алып берди.

«Ну-ка, все вместе! Народный кастинг» берүүсүнүн экинчи чыгарылышы Екатеринбург шаарында тартылып, дал ошол шаарда вокалисттер тандалган.