Минур Алтынбеков сценарийи өзүнө таандык клип тартты

“Жебе” тобунун мурунку солисти, ырчы Минур Алтынбеков “Өткөн күндөр” аталышындагы чыгармасына клип тартты. Клиптин сценарийи өзүнө таандык экенин айткан ал тартуу иштери тууралуу буларга токтолду.

“Соңку үч клибимдин тең сценарийин өзүм жаздым. Ал эми клипти Бек Осмонов деген клипмейкер тартты. Тартуу иштери беш күнгө созулуп, керектүү реквизиттер үчүн 18 миң сом каражат кетти. Ал эми клипмейкерге канча сумма төлөгөнүм сыр боюнча эле калса дейм”, — деди ал.

Ошондой эле ырдын автору ырчы Мурат Ниматов экенин кошумчалады.

“Мурат Ниматов бул ырды 2017-жылы берген болчу. Убакыт сааты эми келиптир. Баса мен дагы обон жазам да. Мындан ары өзүмдүк автордук чыгармаларыма күбө болосуздар”, — деп кошумлады.