Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков… Кайсы атактуулардын балдары 1-класска барышты?

Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кайсы атактуунун баласы мектеп босогосун аттаганын чогултуп чыкты.

Ырчы Гүлжигит Калыков уулу Умарды 1-класска ээрчитип барды. «Убагында биз дагы ушинтип 1-класска барган элек. Эми минтип балдарыбыз ордубузду басып отурат»,- деп жазды ал.

Ырчы Мирбек Атабековдун кызы да мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу блогер Мээрим Төлөпберген жазды. Ал эми уулу Адам 3-класска барды.

Алып баруучу Мирзат Муканов да уулун мектепке жетелеп барды. Жубайы Айзуура Иманалиева пост жазып, уулуна каалоо жазды. «Балабыз 1-класс. Билимдүү, илимдүү жигит бол, балам! Жолуң ачык болсун»,- деп жазды ал.

Ырчы Мажит менен анын бир тууганы ырчы Кызсайкал Кабылованын кыздары да мектеп босогосун атташты. «Балапандарыбыз мектеп босогосун аттады. Өзгөчө толкунданып турган чагыбыз. Ийгилик каалайм, жөжөлөрүм»,- деп жазды Кабылова.

Актёр, шоумен Актан Рыскелдиевдин экинчи уулу да 1-класска барды. «Ата-энелерге күч кубат! Балдарыбыз жакшы окушсун»,- деп жазды ал.

Ырчы Дайыр Исмадияров да уулу мектеп босогосун аттаганын жазды.

Ырчы Сурма Тургуналы кызынын да кызы мектеп босогосун аттады.