Мирбек Атабеков Казакстанда «Орто Азия жылдызы» аталды (видео)

Ырчы Мирбек Атабеков Казакстандын «Кызык премиясында» «Орто Азия жылдызы» номинациясын жеңди. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Казак элине чоң рахмат! Кечээ «Орто Азия жылдызы» наамына ээ болдум», — деп жазды ал.

Ал мындай наамды Кыргызстанда албаганын айтып, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле алып баруучунун жол тууралуу берген суроосуна «Кыргызстандын ӨКМ кызматкерлери тазалап коюптур» деп күлдүрдү.