Мирбек Атабеков Эркин Рыскулбековдун 3 жыл мурда кийип кеткен курткасын жаңылап кайтарды

Алып баруучу Эркин Рыскулбеков социалдык тармактагы баракчасына видео менен бөлүшүп, ырчы Мирбек Атабековдон белек алганын айтты.

Видеодо Мирбек Атабеков 3 жыл мурда Рыскулбековдун үйүнө барып, анын курткасын кийип кеткенин, курткасын жоготуп алганын, ошондон бери кайрып бере электигин айткан. Ырчы жаңы куртканы Америкадан алып келгенин айтып кийгизип жатканын көрүүгө болот.