Мирбек Атабековдун жубайы тартылган «Сүрдөтпөчү». «Клип ноябрда тартылган» дейт ырчынын менеджери

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жакында эле күйөрмандарына “Сүрдөтпөчү” деген ырын тартуулап, андан соң аталган чыгарманын клиби жарыкка чыкты. Клипте баш каармандын ролун ырчынын жубайы Мээрим Төлөпберген аткарган. Мирбек Атабековдун менеджери Адил Урдиновдун айтымында, чыгарма карантин учурунда жаралган. Ал эми клип ноябрь айында Кыргыз өлкөсүндө тартылган.

“Тартуу иштерине көп эле убакыт даярдандык. Бирок тартуу иштери үч күнгө созулду. Чыгарма Мирбектин жубайына арналган. Карантинде аба каттамдары токтогондугуна байланыштуу үй-бүлөсү жарым жылдай АКШда калып калган, а Мирбек Кыргызстанда эле. Бул — үй-бүлөсүн сагынганда жаралган ыр”, — дейт ал.

Ошондой эле, чыгарманын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Мирбек Атабековго таандык экенин кошумчалады.

Ал эми ырчынын жубайы Мээрим Төлөпберген клипке кандайча тартылып калгандыгы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазган.

“Мирбек, мени клипке тартылууга чакырганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. А эгер тамашасы жок айта турган болсом, мен клипке тартылуу үчүн жолдошума 3 бала төрөп берип, кыргыз үй-бүлөсүндөгү бардык жолду басып өтүшүм керек болду. Андыктан, буга чейин анын клибине тартылган кыздар, силердин бактыңар бар экен”, — деп жазган ал.

Ошондой эле клиптеги эпизод тартылып бүткөнчө, 5 саат бою троллейбуста күтүп отурган элге ыраазычылыгын билдирген.