Мирбек Атабековдун «Мурас» ырын орусиялык «Воронеж кыздары» тобу аткарууда (видео)

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун «Мурас» аттуу ырын орусиялык «Воронеж кыздары» аттуу ансамблдин студенттери аткарууда. Студенттердин даярдык учурунан тартылган видео социалдык тармакка жарыяланды. Маданий иш-чара тууралуу Каракол шаарынын мэриясынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти.

«Каракол шаары КМШ мамлекеттеринин маданий борбору болуп январь айында кабыл алынган. Иш-чара 1-2-июль күндөрү Каракол шаарында расмий белгиленет. Социалдык тармакка тараган видео да Караколдо өтчү иш-чарага даярдык учурунан экен. Негизи иш-чарага 14 мамлекеттин өкүлү катышат. Андан сырткары 120 музыкант 120 дүйнөлүк аспапта ойнойт», — дешти басма сөз кызматынан.