Мирбек Иманбеков: «10 күндө 10 килограммга арыктадым»

Бул жолу биз ырчы Мирбек Иманбеков менен маектештик. Ал интервьюда ден соолугу, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөп берди.

«Мен негизи Таластамын. Бул жакка ден соолугума байланыштуу келдим. Азыр дарыгерлерге көрүнүп жаткан учурум. Бир аз арыктаганым эле болбосо, диета кармап арыктап жатам. 10 күндө 10 килограмм арыктадым. Ошол нерсе керек экен. Тазаланып туруп, анан дарыланыш керек экен. Кудай буюрса, кайра калыбыма келем. Мурдагы жылдан баштап кичине ооруп калдым. Ошондон бери дарыланып жүрөм»,- деди ал.