Мирбек Иманбеков: «Кичинемден эле «чоң ырчы болом» дечүмүн»

Бул жолу биз ырчы Мирбек Иманбеков менен маектештик. Ал интервьюда ден соолугу, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөп берди.

«3 айда эле элге таанылып калгам. Негизи моралдык жактан алганда, кичине кезимден эле ырчы болууну кыялданчумун. Мен «ырдайм, мен чоң ырчы» болом дечүмүн. Ошол нерселер 2-курсту жарымдап калганда башталган. Бул менин бактылуу күндөрүмдүн бири. Радиодон ырым кете баштаганда эле толкундоо башталган»,- деди ал.