Мирбек Иманбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды (видео)

Бүгүн, 2-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата маданият жана искусство тармагына үзүрлүү эмгек өтөгөн алдыңкы кызматкерлер «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышты.

Сыйлоо аземи маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү. Төш белги алгандардын арасында ырчы Мирбек Иманбеков да бар. Ал жагымдуу жаңылыгын соцтармактагы баракчасына бөлүшүп, министрликке ыраазычылыгын билдирди.