Мирбек Иманбековдун атасы 73 жашында көз жумду

Ырчы Мирбек Иманбековдун атасы Иманбек уулу Алкан оорудан каза болду. Маалыматты ырчынын досу Акбар Сүйүнбаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Аяш атабыз кечээ, 23-июнь күнү көз жумду. 73 жашка чыккан болчу, көп жыл ооруп жүрүп, акыры акка моюн сунду. Азыр жерге берип келе жатабыз», — дейт ырчынын досу.

2019-жылы Мирбек Иманбековдун апасы оорудан, андан көп өтпөй бир тууган агасы сууга чөгүп каза болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Мирбек Иманбековго атасынын каза болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.