Мирбек Иманбековго анын жакындары умрага жолдомо белек кылышты (видео)

Мирбек Иманбековдун жакындары ага умрага жолдомо белек кылышты. Бул тууралуу ырчынын жубайы социалдык тармактагы баракчасында жазып, видео менен бөлүштү.

«Эң чоң белек! Күйөө бала менен кайын сиңдим Мирбек байкесине умрага жолдомо белек кылышты. Ар дайым колдоп, сыйлап, урматтап жүрүшөт. Алтындарым, аман болгула. Кубанычка чек жок. Бул белек эстен кеткис болду», — деп жазды ал.