Модель Бегимай Карыбекова «The Bogner» брендинин жүзү болду

Модель Бегимай Карыбекова «The Bogner» брендинин жүзү болду. Бул тууралуу модель өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жар салды.

«Мен «The Bogner» брендинин жүзү болдум. Бренддин жарнама өнөктүгүнө катышуу үчүн Швейцарияга, Сент-Морицке үч күнгө учуп келдим. 

Бул кызматташуунун алкагында, биз «The Bogner кыш 2021/2022» жыйнактарын көрсөтүү үчүн тартылабыз. Сүрөттөрдүн автору — бул бренд менен бир нече мезгилдерден бери иштешип келе жаткан дүйнөгө белгилүү сүрөтчү Hans Feurer«, — деп жазды ал.