Модель Наоми Кэмпбелл 50 жашында алгачкы ирет эне болду

Британиялык модель жана актриса Наоми Кэмпбелл 50 жашында алгачкы ирет эне болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Ал наристенин бутун кармап турган сүрөт жүктөдү. Билдирүүдө:«Кичинекей периште мени эне катары тандап алды. Жашоомдо ушундай назик жандын пайда болушу мен үчүн сыймык. Дүйнөдө мындан өткөн чоң сүйүү жок», — деп жазылган.

Белгилей кетсек, Наоми Кемпбелл турмушка чыккан эмес.