Модель Оруна Шабралиева турмушка чыкканын, жакында чоң той болорун ачыктады

«Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү, модель, актриса Оруна Шабралиева турмушка чыкканын, жакында үлпөт той өтөрүн айтты.

«Жолдошум Алтын Дастанов. Жеке ишкер. 40 жашта. Жакындарыбыздын курчоосунда эле той кылып үйлөнгөнүбүзгө көп болду. Жарыяланган эмеспиз. 7-8-жыл чет өлкөдө болдук. Эми чоң той берели деп жатабыз»,- деди ал.