Москвада кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалаган фестиваль өтөт

Москва шаарында «Кыргыз мурасы-Культурный код» фестивалы өтөт. Иш-чара «Альфа конгресс» борборунда саат 14:00дө башталат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

«Иш-чаранын максаты кыргыздын улуттук кийимдеринин түп нускасын жана бүгүнкү күндөгү заманбап дизайнерлердин эмгектерин көрсөтүү. Москва шаарында иштеген чеберлерди жана дизайнерлерди бир аянтчага чогултуу, кыргыздын оймо-чиймелеринин маанисин даңазалоо.

Кыргыздын баш кийимдери болгон ак калпактын үлгүсү боюнча Кыргызстандан келген мыкты чебердин көргөзмөсү болот. Кол өнөрчүлөр жана чеберлердин жарманкеси өткөрүлөт. Кыргызстандан келген белгилүү чеберлер, дизайнерлер Клара Бектемирова, Байра Толгонай, Закия Насирдинова жана окумуштуу Гүлзат Аалиева ошондой эле, Москвадагы дизайнерлер Үмүт Бердигулова, Бегимай Каныбай кызы катышат. Иш-чара Москвадагы мыкты ырчылардын катышуусундагы салтанаттуу концерттик программа менен жыйынтыкталат», — деп айтылат маалыматта.