Москвада Юрий Шатуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (видео)

Бүгүн, 26-июнь күнү Москва шаарында 90-жылдардын жылдызы Юрий Шатуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Москванын Троекуровск көрүстөнүнө «Ласковый май» тобунун мурунку солисти Юрий Шатунов менен коштошууга миңдеген күйөрмандары келип, кезек күтүшүүдө.

Маалыматка ылайык, ырчы менен коштошуу үчүн эл түндөн келе баштаган. Учурда күйөрмандары кезек күткөнчө кумиринин ырларын аткарышууда.

Эске салсак, 48 жаштагы Юрий Шатунов 23-июнь күнү жүрөк оорусунан каза болгон.