Москвада «Здравствуй, папа» тасмасынын тартуу иштери жыйынтыкталууда (видео)

Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров тарткан «Здравствуй, папа» аттуу эл аралык тасманын тартуу иштери жыйынтыкталууда. Тасмага тартылуу учурундагы кызыктар, орус актёрлор менен иштешүүсү тууралуу тасманын башкы каарманы Самат Эркинбеков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бөлүштү.

«Буюрса, «Здравствуй, папа» аттуу тасмабызды ийгиликтүү тартып алдык. Тасмабыздын жолу ачык болду, кайда барбайлы маселелерибиз бат чечилип, орусиялык актёрлор да биз сунуштаган гонорарга макул болуп, айтор, баары жеңил болду. Орус киночулар менен иштешип чоң тажрыйба алдым. Өзүм да алардан кем калбай, өзүмдүн стилистикам менен ролду ийине жеткирип аткарганга аракет кылдым«, — дейт Самат Эркинбеков.

Эске салсак, комедиялык тасмада Самат Эркинбеков башкы ролду жаратып, ошондой эле Айжан Аденова, Шумкар Бейшеналиев, Назира Айтбекова, Аскат Сулайманов, Таалайкан Абазова жана башкалар, орусиялык актёрлор Юрий Оборотов, Алиса Рыжкина тартылышмак.