Москвалык айым таксистти сүйүп калып, аны менен Кыргызстанга келет. «Зоркий» тобу бул тууралуу тасма тартты

Музыкант жана сценарист Василий Зоркий «Көрүшкөнчө» аттуу даректүү тасманы тартты. Анда москвалык Ася менен Кыргызстандан барган таксисттин махабаты баяндалат.

Алар Москвада эки жыл чогуу жашашат, Жаныбек үйүнө кеткен бойдон Орусияга кайтып бара албай калат. Буга туура эмес жерде токтотулган унаа жана тамеки чегүүгө салынган айып пул себеп болот. Ошондон кийин Ася анын артынан келүүнү чечет. 2021-жылы тасма Beat Film Festival программаларынын бирине киргизилген. Тасма «Зоркий» тобунун клиби менен — Кыргызстандын эң кооз көрүнүштөрү менен аяктайт. Оператор — Аделина Дзиваева.