Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке жаңы директор келди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Разия Сырдыбаева  2-сентябрдан тартып, Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернаттын директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Филология илимдеринин кандидаты, фольклор багытындагы музыка таануучу Разия Сырдыбаева буга чейин Улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери болуп эмгектенип келген. Ошондой эле, ал «Устат шакирт» коомдук фондунун жетекчиси катары белгилүү.