Мурат Жалиев: «Кудай Чубак Жалиловду эмес, мага окшогондорду албайбы» деп катуу кеткен чыгармын»

«No name» Тамашоу командасынын капитаны катары таанылган шоумен Мурат Жалиев акыркы жылдары эл алдына көп чыкпай, коомчулуктан алыстап калган эле. Муну ал ден соолугуна байланыштырып келет. «Өзбекстандан жакында гана так диагнозду айтышты» деген Мурат мырза менен маекти сунуштайбыз.

Мурат Жалиев маек учурунда Чубак Жалилов каза болгондо социалдык тармактагы баракчасына «Эмне эле болуп жатат. Кудайым ушундан көрө элге пайдасы жок, мага окшогондорду албайбы» деп жазганын унутуп калганын, суроо берсе эстеп жатканын айтты.

«Мен жазганымды унутуп калыптырмын. Азыр эстедим. Оору тарап кеткенде баарыбыз үйдө жатып калдык. Эгер ошол агайыбыз тирүү болгондо дагы көп адамды жакшы жакка сүйрөмөк. Азыр жөн эле жүргөн адамдар көп го. Мисалы, мен деле жаттым го. Мени алып кетсе деп катуу кеткен чыгармын. Мени алып кеткени келсе «койгула, кошуналарым бар, карап көргүлө» демекмин. Ичимден күйгөн үчүн ошентип жазсам керек»,- деди ал.