Мурат Жалиев: «Өзбекстандан так диагнозду айтышты»

«No name» Тамашоу командасынын капитаны катары таанылган шоумен Мурат Жалиев акыркы жылдары эл алдына көп чыкпай, коомчулуктан алыстап калган эле. Муну ал ден соолугуна байланыштырып келет. «Өзбекстандан жакында гана так диагнозду айтышты» деген Мурат мырза менен маекти сунуштайбыз.

«Аябай көп убакыт өттү. Акыры дарыгер, молдолор диагнозун таап, азыр Кудайга шүгүр. Өзбекстанга чейин барып, окумуштуу адамдан жообун таптык. «Сулуулугуна көз тийген» деп айтышты. Назар же элдин энергиясы деп коёбу. Сен энергияңды элге бересиң. Сөз бар го «акча таппаган баланы бир гана апа сүйөт» деген. Мен ооруп жаткан учурда жанымда апам болду», — деди ал.